Пекинде Азия – Европа саммити аяктады

Глобалдык каржы кризиси саммиттин күн тартибиндеги башкы маселе болду. Жыйынга Еврошаркеттин 27, Азиянын 16 өлкөсү катышты. Еврошаркеттин учурдагы төрагасы, Франциянын президенти Николя Саркозинин саммиттен кийинки маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Азия –Европа форумуна катышкан лидерлердин "баары Вашингтон саммитин жыйынтыктоочу жана чечим кабыл алуучу кылууга дилгир экенин айтышты".
Германиянын канцлери Ангела Меркел Европа –Азия саммитинде кечээ каржы тариби боюнча жаңы планды сунуш кылды. Ал эми Еврокомиисия президенти Жозе Мануэл Барросо глобалдык экономикалык кризистен жабыр тарткан өлкөлөрдү эл аралык каржы системасы үчүн жаңы эржелерди түзүүдө жарнакташып иштөөгө чакырды. Европа менен Азиянын ортосунда тыгыз кызматташтык зарыл экендигине Кытай өкмөт башчысы Вэнь Цзябао да макул болду. Каржы кризиси эми 14-ноябрда Вашингтондо дүйнөнүн өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан ири өлкөлөрүнүн саммитинде талкууланары күтүлүүдө.