Баш прокуратура курулушчу-ишкерге каршы кылмыш козгоду

Баш прокуратуранын тараткан маалыматына караганда, жергиликтүү жеке ишкер Ж. Таштанбетовго каршы кылмыш Кылмыш Кодексинин 180-беренеси боюнча козголду Баш прокуратура ага “Айыл Банктын” Чолпон-Атадагы бөлүмүнүн имаратын уруксаты жок куруп, 1113, 1 миң сом пайда көрдү деген айып тагып, тергөөнү Ысык-Көл облустук прокуратурага тапшырган. (BuS)