Беларус ЭВФтен насыя алууга аракеттенүүдө

Беларустун Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Василий Матишевскийдин билдирүүсүнө караганда, дүйнөлүк финансылык кризистен экономикасын коргоо үчүн Минск Эл аралык валюта кору менен сүйлөшүү жүргүзүп,  2 миллиард доллар насыя алууну көздөөдө.Бул каражат  экономиканы ар кандай коопсуздуктан сактоо үчүн жасалууда. Анткени дүйнөлүк экономикалык кризис канчалык терең кетерин эч ким айта албайт, деп эсептөөдө Беларусь бийлиги. Минск 2 миллиард доллар насыя боюнча Москва менен  да сүйлөшкөн, бирок Россия насыя бөлүү тууралуу чечим кабыл ала элек.