Ачарчылык коркунучу Ооганстан үчүн талиптерден да олуттуу

Мындай эскертүүнү Лондондон британиялык аналитикалык борборлордун бири- Падышалык бириккен Куралдуу күчтөрдүн институту жасады. Аталган институттун айтымында, азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын жогорулоосу, жайдагы кургакчылык быйыл кышта Ооганстанды ачарчылыкка алып баруусу мүмкүн. Институттун эксперттеринин эсебинде, учурда ооган калкынын үчтөн бир бөлүгү же 8,4 миллиондой киши тамак-аштын такай жетишсиздигинен жапа чегүүдө.

Быйыл беш миллиондой ооган тамак-аштын тартыштыгына кабыларын жыл башында британиялык дагы бир уюм- Оксфам эскерткен болчу.

Улуттар уюмунун Ооганстандагы атайын өкүлү козголоңчулардын лидерлерин кышты утурлай оогандарга азык –түлүк таратылышына жол берүүгө чакырды.