Бишкек шаарына 2-3 күн аралыгында жылуулук берилет

Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармагы” компаниясы маалымдайт. Ага ылайык, бүгүнкү күнү жылуулук тармактарына ысык суу коё берүү боюнча даярдыктар аягына чыгып калды. Бир-эки күн аралыгында Бишкектин борбордук бөлүгү менен темир жолунан өйдө жайгашкан айрым аймактарга жылуулук берилмекчи. Ал эми Бишкек ТЭЦи негизги тосмолорун ачкандан тарта шаардын калган бөлүктөрүнө да жылуулук берилет. (IJz)