Ооганстанда каржы министринин бир тууганы уурдалып кетти

Кабарларга караганда, өлкөнүн каржы министри Анвар-уль Хак Ахадинин ишкер иниси Зия-уль Хак Ахадини өткөн жума күнү Пакистандын Пешевар шаарынан уурдап кетишкен. Бул тууралуу кечээ Ооганстандын каржы министрлигинин өкүлү билдирди. Уурдагандар ким экени белгисиз. Быйыл жыл башында эле талиб согушкерлери Пешевар менен Ооганстанды байланыштырган кан жолдон Пакистандын Ооганстандагы элчисин уурдап кетип, ал үч айдан соң бошотулган.