ЭВК Кыргызстанга 60 млн. $ насыя берүүнү алдын ала макулдашты

Эл аралык валюта корунун өзүнүн билдирүүсүнө караганда, мындай көлөмдөгү насыя Кыргызстанга глобалдык каржы кризисине туруштук берүүсү үчүн ыйгарылат. Кыргызстан өз кезегинде инфляцияны кыскартуу, экономикалык өсүштү колдоо, калктын жакыр катмарын коргоо боюнча чараларды камтыган программаны ишке ашырууну убада кылган. Тараптар мындай макулдашууга Эл аралык валюта корунун миссиясы Кыргызстанда 22-31 октябрь күндөрү болгон учурунда макулдашылган. Кыргызстанга берилүүчү насыяны эми Эл аралык валюта корунун Директорлор кеңеши жактыруусу керек. Алар бул маселени декабрь айынын башында карары күтүлүүдө. Эл аралык валюта корунун айтымында, Кыргызстанга берилүүчү акча кордун экономикалык көйгөйлөрү чек арасынын тышындагы факторлордун таасиринен улам чыккан өлкөлөргө чукул насыя ажыратуу программасы аркылуу келет. (UE)