Авангардист сүрөтчү Казимир Малевичтин 1916-жылы тартылган сүрөтү 60 миллион долларга сатылды

Бул - сүрөтчүнүн эң кымбат сатылган чыгармасы болуп калды. Малевич 1878-жылы Киевде туулуп, 1935-жылы дүйнөдөн кайткан. Ал жөнөкөй геометриялык формаларга таянган суперматизм деген агымдын негиздөөчүсү болчу.