Кыргызстанда диабет менен жабыркаган 26 миң адам бар

Мындай маалыматты диабеттер ассоциясы 2008-жылдын 1-январына карата расмий каттоонун тыянагына таянып таратты. Маалыматка караганда Кыргызстанда диабет илдети акыркы он беш жылда эки эсе көбөйдү. Диабеттердин 14-ноябрь - Эл аралык күнү менен бир катарда Кыргызстандагы диабеттер ассоциациясы он жылдыгын белгилегени жатат. Илдетти алдын алуу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Кыргызстанга АКШнын ЮСАИД уюму ар кайсы долбоорлордун чегинде 1992-жылдан бери 400 млн. доллардык жардам көрсөткөн. (BuS)