Айрым агенттиктердин статс-катчылары дайындалды

Нуржан Бардинова Дене тарбия, спорт, жаштар иши жана балдарды коргоо агенттигинин статс-катчысы кызматына дайындалды. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Игорь Чудинов кол койду. И.Чудиновдун башка токтому менен Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы болуп Алиярбек Абжалиев дайындалды.(AiJu)