Мындай өкүмдү бүгүн Ош гарнизонунун аскер соту чыгарды. Сот жараянында Чек ара кызматынын 2011-аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн Ж.Гапиров 17-июль күнү Ошто мас абалында облустук авто инспекциянын кызматкерлери М.Сактанов менен К.Асрановду жана наркологиялык диспансердин дарыгери Д.Хамидовду, айдоочу Н.Касымовду “ПМ” тапанчасы менен атып өлтүргөнү аныкталган. Натыйжада Ж. Гапиров Кылмыш-жаза кодексиндеги беш берене (97, 245, 241, 172, 340) боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилди. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)