К.Бакиев: “Түштүктө дин боюнча түшүндүрүү иштери зарыл”

Мамлекет башчы мындай пикирин Ички иштер министринин түштүк регион боюнча орун басары Жеңишбек Жакыповго милициянын генерал-майор наамын тапшырып жатып билдирди. Анын айтымында, өзгөчө көңүлдү тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” диний уюмуна буруп, анын максаты менен ишмердиги ислам дининин баалуулуктары менен такыр дал келбей тургандыгын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын калкына кеңири түшүндүрүү зарыл. (BD)