ИИМ буйрутма киши өлтүрүү боюнча маалымат берди

Ички иштер министринин орун басары Дмитрий Федоров айрым укук коргоочулардын акыркы үч жылдан бери чуулгандуу кылмыштардын бети ачылбай жатат деген кинеси негизсиз деп билдирди. Анын айтымында, 2005-жылы киши колдуу болуп көз жумган каскадер Үсөн Кудайбергеновду атуу Рысбек Акматбаев менен Нурлан Коноевдун колунан келгени аныкталган. Андан кийин атып өлтүрүлгөн депутаттар Жыргалбек Сурабалдиев менен Баяман Эркинбаевди өлтүргөндөр кармалып жазасын алышкан. Ал эми Анвар Алиевди аткан киши кармалып, азыр тергөөдө болсо Уран Алиевди аткан кишинин изи Тажикстанга кирип кеткендиктен камоого шарт болбой жатат. Ал эми журналист Алишер Саипов атылган курал менен Бишкекте дагы бир кылмыш жасалып, ага Аликбек Жекшенкуловдун уулунун катыштыгы бар экендиги иликтенүүдө деп кошумчалады Д.Федоров. (BD)