Президент И.Болжурованын коррупция менен күрөшүн колдоду

Мамлекет башчы Билим берүү жана илим министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү аракетин колдоорун кечээ министр Ишенгүл Болжурова менен жолугушканда билдирди. Андан тышкары билим берүүнү электрондук системага өткөрүү үчүн донор мамлекеттер менен кызматташуу аракетин жактырды. Министр болсо мектептердин кышка даярдыгы боюнча маалымат берди. Ал эми буга чейин коррупцияга жол берди деген кине менен кызматтан алынган Улуттук университеттин ректору Рысбек Өмүрканов билим берүү министри иштен негизсиз алды деп, кызматынан кетпей тургандыгын билдирген.(BD)