Террордук чабуулдун уюштуруучусу Пакистанда америкалык чабуулда набыт болду

2006-жылы трансатлантикалык учакты жардырууну көздөгөн деп айыпталган Рашид Рауф Түндүк Вазаристанда бүгүн эртең мененки чабуулда дагы төрт шектүү согушкер менен бирге өлтүрүлгөнү кабарланууда. Британиялык исламчыны Пакистанда 2006-жылы августта камакка алышкан, бирок ал былтыр декабрда түрмөдөн качып кеткен.