№70 мектепте бомба бар деген маалымат жалган чыкты

Бүгүн түшкө таяп тартип коргоо органдарына  Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндөгү №70 мектепте бомба коюлду деген маалымат түшкөн. Мектептеги окуучулардын баары сыртка чыгарылып,  иликтей келгенде бул калп болуп чыкканын шаардык унаа инспекциясынын кызматкери Улан  Зайнидинов “Азаттыкка” билдирди. (EBM)