Иран дайыма Ливанды колдойт

Бул тууралуу Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад Ливандын лидери Мишел Сулайман менен жолугушууда билдирди. ИСНА маалымат агенттигинин кабарлоосуна ылайык, Ахмадинежад “Ливандын Израил менен тиреши - Ливанды эрдиктин символуна айландырды” деп айткан. Ливандын лидери Сулейман Тегеранга эки күндүк иш сапары менен келди.