Курултайдын максаты- улуу жолго түшүү

Мындай пикирин Социал-демократтар партиясынын лидерлеринин бири Бакыт Бешимов Элдик курултайда билдирди. Улуу жолго, улуу максатка жетүү үчүн ушул чогулгандар арасында жана элде ишенимди бекемдөө, бөлүнүп-жарылууну токтотуу зарыл. "Кыргызстанды талап-тоноп жаткан адамдар менен аралашып, алар менен кол алышып учурашып жатабыз, мындай адамдарга чыдап  жүрсөк, өлкөбүз оңолбойт", - деди Бешимов. (EBM)