Ирактагы жардырууда 30дан ашык киши набыт болду

Багдаддын чок ортосундагы кош жардыруудан дагы 45 чакты киши жараат алды. Расмий билдирүүлөр боюнча бомба байланган жанкечти полиция академиясынын жанында өзүн жардырып жиберген, андан тышкары токтоп турган автомашинага коюлган мина жардырылган.