Социал-демократиялык фракция жаңы депутат менен толукталды

Социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Рахатбек Ирсалиев өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшырган. Шайлоо кодексине ылайык анын ордуна Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Кубанычбек Кадыровго мандат берилип, ал бүгүн депутаттык кызматка киришердин алдында Жогорку Кеңеште ант берди. Депутатты төрага Айтибай Тагаев куттуктады.(AiT)