Кыргызстанда орточо пенсия 1700 сом

Ал эми эң төмөнкү пенсиянын өлчөмү 330 сомду түзүүдө. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Марат Султанов бүгүн билдирди. Анын айтымында, пенсионердин минималдык керектөө корзинасы 3115 сомду түзөт. Орточо пенсия керектөө корзинасынын 45-46% гана жаба алат. Келерки жылы пенсиянын өлчөмүн 15% көтөрүү каралууда. Ал үчүн Соцфонд кошумча 656 миллион сом сарптайт.(AiT)