Белгияда террордук уюмга катыштыгы бар делген адамдар кармалды

Белгияда “ал-Кайида” уюму менен байланышы бар деген шек менен 14 адам камакка алынды. Кабарларга караганда, Ооганстан жана Пакистанда машыгуудан өткөн бул топ Белгия же Европа өлкөлөрүнүн биринде террордук чабуулду уюштурууну болжоп жаткан.