Түркмөнстанда парламенттик шайлоо өтүүдө

Өкмөттүк радио шайлоо участкалары ачылгандан кийинки эки сааттын ичинде шайлоочулардын 27 проценти добуш берип кеткенин кабарлаган. Айрым сайттар жергиликтүү саат 12ге карай добуш берүүчүлөрдүн 56 проценти өз эркин билдиришти деп жазышууда. Бирок бул кабарды көз карандысыз булактар тарабынан тастыктоо мүмкүн эмес. Өнөктүк сентябрда кабыл алынган жаңы конституцияга ылайык өткөрүлүп жатат. Эми парламент 125 депутаттан турмакчы. Бийликтер шайлоону демократияга карай кадам деп баалашса, эл аралык уюмдар өлкөдө бир эле мыйзамдуу партия бар экенин белгилешүүдө. Талапкерердин көпүчүлүгү бийликтеги партиянын мүчөлөрү. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматыан ылайык, алгачкы ирет Түркмөнстандын 27 өлкөдөгү элчиликтер менен консулдуктарында добуш берүү уюштурулду.