Беларус Кошмо Штаттарынан 5 миллиард доллар карыз сурамакчы

Президент Александр Лукашенконун айтымында, бул каражат өлкөнүн экономикасын турукташтыруу үчүн керек болуп жатат. Президент эгер АКШ карыз бербесе, Валюта корунан 2 миллиард сураарын билдирди. Буга чейин беларус өкмөтү Орусия ага 2 миллиард доллар карыз берүүгө макул болгонун маалымдаган.