Орусиянын отун кубат министри Сергей Шматко жаңы түзүлгөн уюмдун баш кеңсеси Катардын ордо калаасы Доха шаарында жайгашарын билдирди. Форумдун кийинки жыйыны Дохада өтмөкчү. Орусиянын премьер-министри Владимир Путин “арзан газдын доору” соңуна чыгып баратканын белгиледи. 2001-жылы түзүлгөн Газ экспорттоочу өлкөлөрдүн форумуна он төрт өлкө мүчө жана алар дүйнөлүк газ запасынын 70 пайызына ээ.