Израиль Газага абадан сокку урду

Израиль Газа тилкесинде “Хамастын” бир топ объектилерине абадан чабуул койгонун ырастады. Израиль аскерий командачылыгынын айтымында, алар “террористтердин инфраструктурасына” сокку урган. “Аль-Жазира” телеканалы Газадагы тез жардам кызматына шилтеме жасап, абадан урулган соккудан 120 ашуун адам өлгөнүн, 200 жакын киши жаракат алганын кабарлады. Башка маалымат булактарында курмандыктардын саны азыраак деп айтылууда.