Компьютердик оюндардын кесепети талкууланат

Талкууну жакында Бишкек шаардык кеңеши өткөрөт. Анда акыркы убакта балдардын компьютердик оюндарга көбүрөөк азгырылып жатышынын кесепеттери талкууланмакчы. 2007-жылдын этегинде шаардык депутаттар окуучулардын сабак учурунда компьютердик клубдарга барышына тыюу салган токтом кабыл алган. Бирок токтомду Адилет министрлиги ишкерлердин укугуна шек келтирет деп каттабай койгон. Бишкек шаардык кеңештин маалымат-катчысы Чынара Усупбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, жыйында Баш мыйзамга каршы келбегидей кылып дагы бир токтом кабыл алуу маселеси каралмакчы. (EBM)