Болгарияда демонстранттар менен полиция кагылышты

Окуя башкаала Софияда парламент имараты алдындагы тынч демонстрациянын соңунан болду. Ал жерге чогулган 2 миңдей адам социалисттер башкарган өкмөттү экономикалык көйгөйлөрдү чече албаганы, коррупцияга каршы күрөшө албаганы үчүн айыптап, отставкага кетүүгө үндөгөн эле.