Исмаил Кочкаров 9 жылга кесилди

Кыргызстандагы карачайлар ассоциясынын төрагасы Исмаил Кочкаров 9 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту 12-январда чыгарганы маалымдалды. Кочкаровго Кылмыш кодексинин 170, 171-беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, “Долбоор” ишканасынын көлөмдүү акциясын опузалап тартып алды, ишенип берилген буюмду менчиктеп алды деген айып тагылган. Бул айыптын негизинде мурдараак Биринчи май райондук соту Кочкаровду 6 жылга кескен. Исмаил Кочкаров “Тынчтык” партиясынын лидери саналган Рысбек Акматбаевдин санаалашы катары белгилүү. (BuS)