Болот Шерниязов оппозициялык партиядан кетти

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шерниязов “Ата мекен” саясий партиясынын катарынан чыкты. Бул тууралуу саясатчы “Айат-пресс” гезитине берген интервьюсунда билдирди. Мунун себебин саясатчы жаңы көз караштагы саясий муунга кошулуу дымагы менен байланыштырган. Буга чейин Шерниязов АКШ аймагында ишкердик менен алектенип жаткандыгы маалымдалган. (BuS)