Европада автоунаалардын сатылышы 15 жыл ичиндеги эң төмөнкү деңгээлге түштү

Европанын автоунаа жасоочулар ассоциациясынын билдиргенине караганда, 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча жаңы автоунаалардын сатылуусу 7;8 %га азайган. Декабрь айынын өзүндө эле төмөндөө 18 %ды түздү. Автомобиль соодасындагы кризис Евробиримдиктин жаңы мүчөлөрүнө караганда, Батыш Европада көбүрөөк сезилди. Чыгыш жана Борбордук Европада төмөндөө былтыр 0,7 % болгон.