Ө. Текебаевдин иши боюнча Кара-Буура райондук сотунун жыйыны башталды

Өмүрбек Текебаевге прокуратура санкция берилбеген жыйын өткөрдү деген айып коюп жатканы айтылууда. Кара-Буура райондук сотунда ушул иш боюнча соттун жыйыны башталды. Мындан мурда “Ата Мекен” партиясынын лидери мыйзамсыз курал алып жүргөн-жүрбөгөнү териштирилип жаткан. Өмүрбек Текебаев өзү “Азаттыкка” милиция кармалган куралдарды алып калганын, ал эми фотоаппарат, үн күчөткүч аппаратураларды кайтарып бергенин билдирди.