Бул – Еврошаркеттин арачылыгы менен жетишилген тынчтык келишимин бузуу болуп эсептелет, - деп билдирди биримдиктин Грузиядагы байкоочу миссиясы. ЕККУнун учурдагы төрайымы, Грециянын тышкы иштер министри Дора Бакоянинин ырастоосунда, окуя региондогу стабилдүүлүккө коркунуч туудурат. Полиция офицери жуманын таңында Карели чөлкөмүндө көзгө атаардын огунан каза тапкан. ЕКУУнун айтымында, окуяга уюмдун байкоочулары күбө болгон.