СДП фракциясы: Жогорку Кеңештин депутаттарына тоскоолдук жасалууда

Ушундай мазмундагы катты бүгүн СДП фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов ЖК төрагасы Айтибай Тагаевге жолдоду. Катта белгиленгенге караганда фракция депутаттарынын 20-январга белгиленген пресс-конференциясы жөнүндөгү маалымат Жогорку Кеңештин сайтынын жаңылыктар бөлүмүнө алдын ала коюлган эмес. Ал эми маалымат жыйынын өткөрүүнү каалаган депутаттар Жогорку Кеңештин маалымат борборуна киргизилген эмес. Фракция депутаттары Бакыт Бешимов менен Роза Отунбаева бул күнү 16-18-январда Таласка сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат бермек. Алар Таласка Бириккен Элдик кыймылдын чакыруусунун негизинде “Ата-Мекен” партиясынын конференцияларына катышуу жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн барышкан. (BuS)