Жаштар баалуулуктарын аныктаган иликтөө жүргүзүлөт

Мындай ири иликтөөнү СИАР изилдөө агенттиги Улуттар Уюмунунун өнүктүрүү программасынын көрсөтмөсү менен жүргүзмөкчү. Аталган агенттиктин деректири Айнура Сагынбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, иш-чаранын максаты жаштардын баалуулуктарын аныктоо болуп саналат. Азыр жаштар эмнеге кызыгат, кандай ойлойт, багыты кандай, деген суроолорго жооп табылса жаштар менен иштөө, алардын маселелерин чечүү жеңилдейт, дейт А. Сагынбаева. (EBM)