Жалал-Абатта сатуучулар жаңы салыкка нааразы

  • Ырысбай Абдыраимов
Жалал-Абат шаарында 21-январга белгиленген митинг болгон жок. Уюштуруучулардын айтымында митингдин өтпөй калуусуна тармактык кызмат адамдарынын коркутуп-үркүтүүлөрү жана жарандардын тынч митинг өткөрүү мыйзамын билбестиги себеп болгон.
Жалал-Абатта базар менен жан баккан адамдар митинг өткөрүү өтүнүчү менен шаар башчысына кайрылган. Бул тууралуу билдирген Любовь Сабированын айтымында салык, соода кызматтарынын өкүлдөрү аны кысымга алган. Сатуучулардан мурда чогулган салыктардын максаттуу иштетилгени белгисиз:

- Кечээ мага жолуккан мэриянын соода департаментинин, салык кызматынын адамдары үстөмдүк кылышты. Милициянын башчысы да келип, “митингге уруксатты он күн мурда сурашыңар керек. Мыйзамды бузсаңар катуу чара көрүү жөнүндө министрдин мага берген көрсөтмөсү бар» деп коркутту. Биз мыйзамды бузалы деген жокпуз. Андай болсо мэрияга кайрылбайт элек
, - дейт кысымдан кийин ооруп калган Любовь Сабирова.

Шаар мэри Тилек Акамбаев телефон аркылуу митингге уруксат берилбегендигин жана салыкка кошумчалар жөнүндөгү токтом өкмөт тарабынан кабыл алынгандыгын, сатуучулар митингге чакырганы менен мэрияда жыйын болгонуна байланыштуу нааразылык иш-чарасына катыша албай тургандыгын билдирди. Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Төрөканов Сабированын сөзүн четке кагып, мыйзамды түшүндүргөнүн маалымдады.

Митингдин ордуна «Шабдалызар» базарында сатуучулардын жыйыны өттү. Ага ондогон базарлардан жүздөй адам катышып, алар салык саясатына нааразылыктарын билдиришти. Салык кызматынын жетекчиси Эрмек Чоюнов салыкка кошумчалар жөнүндөгү токтомдо салыктардын айрым түрлөрү кыскартылганын жана ал аймактарга жараша өлчөнгөнүн ортого салды.

Сатуучулар ушу тапта соода жүрбөсө да, төлөөлөр көп экендигин, салыктар беш эсеге дейре арбыганын белгилешти. Өкмөттүн салык кошумчалары жөнүндөгү токтомун жокко чыгарууну, салыкты мурдагы өлчөмүндө калтырууну талап кылышты.

Динара аттуу соодагер төмөнкүдөй сунуш киргизди:

- Биз ага каршыбыз. Бул жерде башаламандык болуп, сен көбүрөөк төлөө, мен азыраак төлөйм болуп кетет. Ошону кайрадан карагыла, ал туура эмес.

Сатуучу Гүлсаранын пикири боюнча салык көбөйгөндө карапайым эл жабыр тартат:

- Азыр баардыгы кыйналып, акчасы жок, кредитке, финкага, карызга иштеп аткан адамдар. Салыкты көбөйтүп жиберген бул эл үчүн аябай кыйын. Салыкты чоңдорго, байларга, саунасы, казиносу барларга көбойтсүн. Бирок карапайым өзүнүн тиричилигин кылып аткан элге көтөрө албайт. Азыр ишибиз жок, соода жок отурабыз кечке, 50 сом тапсак нан алып барып балдарыбыз менен жеп атабыз.

Коон базарда иштеген Айбек Артыков тапкан акчасын банктан алган кыймылсыз мүлккө, насыяга, салыкка, же ижарага төлөөрүн билбей башы катканын айтты:

- Администрация келип салыкты 5 миңге чейин көтөрүп салды. Биз салык да төлөйбүз, патент да алабыз, андан тышкары соцфонд, аренда да келет.