“Майкрософт” корпорациясына кризистин таасири тийди

Алдыдагы бир жыл ичинде белгилүү “Майкрософт” корпорациясы беш миң адамды кызматынан бошотот. Дүйнөлүк кризис жана компьютерлердин аз сатылып жатышынан улам “Майкрософттун” кирешеси бир кварталда эле 11 пайызга түшүп кеткен. Буга чейин америкалыктар “Майкрософт” корпорациясы өсүп жатат деп гана угуп келишкен эле. Корпорациянын иши жүрүп турган маалда анын төрт жетекчиси миллиардер, кызматкерлеринин 12 миңге жакыны миллионер болгону кабарланып келген.