Грузиянын оппозициялык партиялары президент Саакашвилинин кызматынан кетишин талап кылышты

Оппозиция президентти буга чейинки шайлоонунун жыйынтыгын бурмалады деп айыптап, шайлоо системасын реформалоону талап кылууда. Бир катар аналитиктердин пикиринде бөлүнүп-жарылган грузин оппозициясы мурда Саакашвилиге олуттуу коркунуч туудурган эмес. Бүгүнкү билдирүү болсо президентке август согушуна байланыштуу кысымдын күчөгөнүнөн кабар берет.