Социал-демократия фракция бүгүн жыйын курат

Анда өлкөнүн 2009-2011-жылдары өнүгүүсүнүн стратегиясы талкууланат. Фракциянын мүчөлөрүнө стратегия тууралуу экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров маалымат берет. Бул тууралуу фракциянын маалымат кызматынан кабарлашты. Бул программаны аткаруу үчүн 8 миллиард 200 миллион доллар керек болоорун Жапаров буга чейин белгилеген.(AiT)