БЭКтин Саясий бюросу жыйынга чогулат

Бул тууралуу БЭКтин Улуттук Кеңешинин мүчөсү Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында дүйшөмбү күнү боло турган Саястий Бюро жыйынында БЭКтин февраль айына иш-планы түзүлүп, өлкөдөгү саясий-экономикалык-социалдык абал талкууга алынат. Мындан тышкары кыймылдын жакынкы күндөрү Кыргызстан элине жасай турган кайрылуусу иштелип чыгат. Азимбек Бекназаровдун маалыматына караганда БЭК мүчөлөрүнүн жер-жерлердеги эл менен жолугушуулары уланып жатат.(ZKo)