Иракта ишемби күнү өткөн шайлоонун алгачкы жыйынтыктары жарыяланды

Шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, өкмөт башчысы Нури ал-Маликинин “Укукчул мамлекет” бирикмеси Багдадда добуштардын - 38, ал эми түштүктөгү Басрада – 37 пайызын алды. Шийиттердин радикал лидери имам Моктада ас-Садрдын тарапкерлери менен сүннүлөрдүн партиясы Багдадда ар бири тогуз пайыздан добуш топтошту. Басрада болсо шийиттердин эң ири партиясын - Жогорку Ирак Ислам Кеңешин - шайлоочулардын 12 пайызы колдоду. Ишемби күнкү шайлоого байкоочулук кылган Арап мамлекеттер лигасынын өкүлү добуш берүү процесси жакшы уюштурулуп, ал ачык жана чынчыл мүнөздө өткөнүн ырастады.