Косовонун түндүгүндө жергиликтүү сербдер жол тосушту

Косоволук албандардан куралган коопсуздук күчтөрүнүн негизделишине каршылыгын билдирип, Косовонун түндүгүндө жергиликтүү сербдер негизги жолду тосушту. Нааразылык акциясына чыккандар 2 жарым миң адамдан турган коопсуздук күчтөрү Косоводогу серб азчылыгына каршы түзүлгөнүн ырасташууда. Косовонун жаңы коопсуздук күчтөрүнүн курамында 1990-жылдардын соңунда куралдуу жаңжалдарды жөнгө салууга катышкандар бар.