АКШы Россия менен мамилени жакшыртуу ишаарасын берүүдө

Бул тууралуу орус вице-премьер-министри Сергей Иванов кечээ Мюнхендеги конференцияда америкалык вице-президент Жо Байден менен жолугушуудан кийин билдирди. Ивановдун айтымында, АКШнын жаңы администрациясы эки тараптуу мамилени жакшыртуу багытында белгилерди берүүдө. Мюнхен конференциясында АКШнын вице-президенти Жо Байден АКШнын тышкы саясаты тууралуу баяндама жасап, Россия менен мамилени жаңыдан баштоо зарылдыгын айткан.