Иран АКШ менен сүйлөшүүгө даяр

Бирок эки ортодогу сүйлөшүү чынчылдыкка жана өз ара урматка негизделиши керек. Бул тууралуу өлкө президенти Махмуд Ахмадинежад бүгүн Тегаранда ислам ыңкылабынын 30 жылдык мааракесине арналган минтингде сүйлөгөн учурунда айтты. Ал ошондой эле президент Барак Обманын администрациясынын Иранга карата мамилесиндеги өзгөрүүлөр "тактикалык эмес, фундаменталдык" болуш керектигин белгиледи.

АКШ президенти Барак Обама болсо кечээги маалымат жыйынында анын администрациясы алдыдагы айларда АКШ менен Ирандын бетме-бет сүйлөшүүсүнө алып баргыдай мүмкүнчүлүктөрдү издээрин айткан эле.

АКШ менен Ирандын дипломатиялык мамилеси 1979-жылкы ыңкылаптан кийин үзүлгөн.

Отуз жылдык мааракеси белгиленип жаткан ыңкылаптын натыйжасында Ирандын АКШ колдогон шахы бийликтен кулатылып, ислам республикасынын негиздөөчүсү аятолла Хомейни сүрүгүндөн кайтып келген. Мааракеге арналган демонстрацияга катышуу үчүн Тегерандын көчөлөрүнө бүгүн он миңдеген ирандыктар чыкты.