Р.Отунбаева:Элдин эсебинен “Кыргызгаз” 10 млн.доллар киреше алат

Бул тууралуу билдирген СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаеванын айтымында, “Кыргызгаз” Өзбекстандан көгүлтүр отундун бир миң кубометрин 240 доллардан сатып алып, керектөөчүлөргө 312-320 доллардан кымбатка сатууда. Отунбаева “Кыргызгаз” мындан бир жылда ортодон 10 млн. долларга чейин пайда көрөт деген божомолун айтып, элдин эсебинен жан багууну токтотуу керек деген маселени көтөрдү. (AJ)