Эркин Бөлөкбаевге байланыштуу сот жабык өттү

Бүгүн биринчи май райондук соту “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге байланыштуу ишти башкы прокуратура кызматкерлеринин өтүнүчү менен жабык өткөрүп, ММК өкүлдөрүн катыштырган жок. Э.Бөлөкбаев “Жашылдар” партиясынын кеңсээсине белгисиз бирөөлөр тарабынан алып келинген президент К.Бакиевге байланыштуу карикатураны илген партиянын мүчөлөрүнүн жүрүм-турумдарына жооп бербесе дагы, моралдык баалуулукту эске алып партиялаштары үчүн төрага катары кечирим сураганын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, прокуратура кызматкерлери эгерде Бөлөкбаев массалык маалымат каражаттары аркылуу президенттен кечирим сураса, кылмыш ишин токтотушарын айткан. Эркин Бөлөкбаев сотто өлкөдө чындык жоктугун, БЭКтин билдирүүсүн колдоорун, К.Бакиевдин кызматтан кетүүсүн, ансыз реформа жүргүзүп, жаңы система киргизүү боюнча билдирүү жасаганын кошумчалады. Сотто “Жашылдар” партиясынын лидерин Саясий куугунтукту токтотуу комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев колдогон. Бул иш биринчи май райсотунда 20-февралда улантылмакчы. (AJ)