Окумуштуулар илимде ырааттуу саясатка муктаж

Кыргызстанда илимий эмгектерди коргоо боюнча адистешкен кеңештердин иштөө мөөнөтүн 3 жылга чейин узартуу зарыл. Мындай сунушту Улуттук илимдер академиянын президенти Шарипа Жоробекова кечээ академиянын жалпы жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга айрым тармактар боюнча илимпоздордун санынын аздыгы башкы себеп. Шарипа Жоробекова андан тышкары Улуттук аттестациялык комиссиянын кандидаттык иштин бир гана жетекчиси болсун деген жобосу кабатырлантаарын жана жаштарды илимге тартуу үчүн аспиранттарды ишке алуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы Алтай Бөрүбаев жаңы жоболор учурдун талабына ылайык иштелип чыккандыгын жана ал илимдеги натыйжаны жогорулатууга багытталгандыгын “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, өткөн жылы жакталган 31 докторлук диссертациянын 3 пайызы, 271 кандидаттык диссертациянын 7 пайызы жараксыз деп табылган.(BD)