АКШ жумушчу орундарын кыскартууга жол бербейт

Президент Барак Обама АКШ экономикасын жандандыруу үчүн 787 миллиард доллар бөлүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Американын тарыхындагы эң ири бул жардам 3 жарым миллион жумуш орундарын сактап калууга же түзүүгө багытталмакчы. Мыйзам өткөн жумада Конгресс тарабынан жактырылган.