Министрлер менен комитет төрагалары ант беришти

КР өкмөтүнүн аппарат жетекчиси, министр Нурлан Айтмурзаев; тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев; коргоо министри Бакытбек Калыев; ички иштер министри Молдомуса Конгантиев; каржы министри Марат Султанов; адилет министри Нурлан Турсункулов; айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиев; билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев; эмгек жана социалдык өнүгүү министри Назгүл Ташпаева; өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов; салыктар жана мамлекеттик жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков президент менен парламент алдында ант беришти.
Ант берген өкмөт мүчөлөрүн президент Курманбек Бакиев куттуктап, аларга ишеним артарын билдирди.(ZKo)