Караколдо Пушкин атындагы парк жеке колго берилет

Ысык-Көлдүн Кара-Кол шаардык мэриясы Александр Пушкин атындагы паркты биргелешип башкаруу үчүн жеке сектордон өнөктөш табуу максатында сынак өткөрүүдө. Мэриядан маалымдашкандай, сынактан ийгиликтүү өткөн өнөктөш беш жыл бою паркты тейлеп башкармакчы. (EBM)